Матбуот маркази

25-27.05.2017 Кыргызстанда Евразия Ассамблеясынын Оториноларингологтордун III Конгресси

26.06.2017

2017 жылдын 25-27 май айында Кыргызстанда Улуттук Госпиталдын Оториноларингология клиникасынын эмгек жааматы тарабынан уюштурулган Евразия Ассамблеясынын Оториноларингологтордун III Конгресси болуп өттү. Бул иш чарага 200-дөн ашык отолариноларинголог адистер, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрүнөн келген коноктор –  Казахстан, Узбекистан, Таджикистан, Турция, Индия, Россия жана Украинанын өкүлдөрү катышты.

Аталган Конгрессти өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана Саламаттыкты сактоо министрлиги колдоосу менен ишке ашты. Конгресстин үч күндүк программасы абдан кызыктуу жана терең маанилүү маалыматтарга бай болуп өттү. Катышуучу өлкөлөрдүн окумуштуулары тарабынан көптөгөн нозологиялык докладтар тартууланды, клиникалык опыттар менен бөлүшүү, хирургиялык жаңы ыкмалар жана айыктырып даарылоо. Конгресстин алкагында тартууланган жаш окумуштуулардын эмгегине өзгөчө көңүл бөлүндү. Иш-чаранын соңунда Конгресстин резолюциясы кабыл алынып, сертификаттар жана сборниктер тапшырылды. Иш-чара шайыр жана достуктун атмосферасында кызыктуу илимий жана маданий программалар менен коштолду. «Альпен Фарма Групп» компаниясы аталган иш-чараны өткөрүүдө активдүү катышып Генералдык демөөрчүлөрдүн катарын толуктады.